Коргоо чаралары
403

Ички рынокту коргоо чаралары

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык, ЕАЭБдеги товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн, үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата ички рынокту коргоо боюнча бирдиктүү чаралар колдонулат. Алар демпингге каршы, компенсациялык жана атайын коргоо чаралары түрүндө колдонулушу мүмкүн. Чаралар Бирликтин бардык бажы аймагына колдонулат. Үчүнчү өлкөлөргө карата ички рынокту коргоо чараларын колдонууну жөнгө салуучу негизги укуктук ченемдик акт болуп Атайын коргоо, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө протокол болуп саналат (ЕАЭБ жөнүндө келишимге №8 тиркеме).

Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүү үчүн Бажы бирлигинин тармагынын атынан Бажы бирлигинин ыйгарым укуктуу органына арыз берилүүсү зарыл. Бул арыздын негизинде ыйгарым укуктуу орган тиешелүү изилдөөлөрдү өткөрөт жана атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу тууралуу сунуштарды даярдайт. 

Демпингге каршы жана компенсациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтү, жалпы эреже боюнча, изилдөө башталган күндөн тартып 12 айдан ашпоого тийиш. Бул мөөнөт ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок 6 айдан ашпайт. 

Атайын коргоо изилдөөсүн жүргүзүү мөөнөтү, жалпы эреже боюнча изилдөө башталган күндөн тартып 9 айдан ашпоого тийиш. Бул мөөнөт ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок 3 айдан ашпоого тийиш. Келишимде белгиленген шарттарды аткарууда изилдөө аяктаганга чейин алдын ала атайын, демпингге каршы же компенсациялык алымдар киргизилиши мүмкүн.

Изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Ыйгарым укуктуу орган болуп, Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаменти саналат. 

Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүү тууралуу чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаментинин сунуштарынын негизинде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тарабынан кабыл алынат.

Демпингге каршы чара товарга карата изилдөө учурунда төмөнкү факторлор аныкталган шартта колдонулушу мүмкүн::

  • товар Бажы бирлигине демпинг баасында сунушталса; 
  • Бажы бирлигинин экономика тармагы материалдык зыянга учураса же мындай зыян тартуу коркунучу жаралса; 
  • демпингдик импорт менен Бажы бирлигинин экономика тармагына келтирилген материалдык зыяндын ортосунда себеп-натыйжа байланышынын болушу.

Келишимге ылайык, демпинг дегенден улам, товар Бажы бирлигине үчүнчү өлкөдөн ушундай эле товардын мындай өлкөлөрдүн ички рынокторунда сатылган баасынан төмөн баада алынып келинген жагдайды түшүнүүгө болот. 

Чет өлкө товарларына баа Бажы бирлигинде өндүрүлгөн товарга баадан төмөн экендиги фактысы, демпинг импортунун орун алгандыгын аныктоого негиз болуп саналбайт. Демпинг импортунун орун алгандыгын аныктоо үчүн товар Бажы бирлигине үчүнчү өлкөдөн алынып келинген бааны (товардын экспорттук баасы) ушул үчүнчү өлкөнүн ички рыногунда ал сатылып жаткан баага салыштыруу негиз болуп саналат.  Товардын экспорттук баасы анын кадыресе наркынан төмөн болгон жагдай демпинг катары таанылат. 

Демпингге каршы чаралар демпингге каршы алым формасында же экспорттоочулар же болбосо чет өлкө товар өндүрүүчүлөр тарабынан экспорттук бааларды демпингди четтетүүчү деңгээлге чейин жогорулатуу тууралуу баа милдеттенмелерин жактыруу формасында кабыл алынат.  

Атайын коргоо чаралары, өзгөчө учурларда, изилдөөнүн жыйынтыгында Бажы бирлигинин бирдиктүү  бажы  аймагына товардын импорту көп санда жана тараптарга мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагына олуттуу зыян келтирген шарттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы же болбосо ушу сыяктуу зыянга учуроо коркунучун жаратаары аныкталган шартта  киргизилет. 

Бажы бирлигинин экономикасынын тармагына келтирилген олуттуу зыян дегенден улам, Бажы бирлигинин экономика тармагынын өндүрүштүк, соода жана финансылык абалынын жалпы олуттуу начарлоосун түшүнүүгө болот. 

Атайын коргоо чаралары атайын алымдар же импорттук квоталар түрүндө колдонулат. 

Тиешелүү изилдөөлөрдүн натыйжасында Бажы бирлигинин аймагында белгиленген атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар кирүүчү бажы алымынын колдонулган ченине көз карандысыз алынат. 

Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык чаралары колдонуу мүмкүнчүлүгү ДСУ эрежелеринде каралган жана бул чаралар Уюмдун көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан колдонулат. Анын ичинде, бажы бирлигинин аймактарында (мисалы ББ) соода  коргоо боюнча  бирдиктүү чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда.


Колдонулган чаралар

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/trade/podm/investigations/Measures.aspx 

Иликтөөлөр жана кабарлоолор

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/trade/podm/investigations/default.aspx 


Онлайн кайрылуу