Курулуш сектору ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу улуттук экономиканын өсүшүн камсыз кылган олуттуу тармактардын бири болуп саналат

Новости
25-Январь 2024-ж.
1252

Республиканын курулуш комплексин өнүктүрүү боюнча керулген чаралардын комплексинин натыйжасында капиталдык салымдардын көлөмү көбөйүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин 2023-жылга карата алдын ала маалыматтары боюнча, каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,8%га (2022-жылы 4,0%га өскөн) көбөйүп, 168,5 млрд сомду түздү.

2022-жылга салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын өсүшү каржылоонун ички булактарынын 34,6%га көбөйүшүнүн эсебинен жетишилди, ал эми тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, 26,3%га кыскарды.

Ички инвестициялык фонддордун жалпы үлүшү капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 83,9%ын түздү, алардын капиталдык салымдардын өсүшүнө кошкон оң салымы 25,6 пайыздык пунктту түздү. Ички инвестицияларда негизги үлүштү ишканалардын жана уюмдардын каражаттары (40,2%) жана калктын каражаттары (37,1%) ээлейт, мында өсүш тиешелүүлүгүнө жараша 120,3% жана 125,1%ды түздү. Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин эсебинен негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү отчеттук жыл ичинде 2 эсеге көбөйүп, 23,5 млрд сомду түздү.

Инвестициялардын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 83%) тоо-кен объектилерин, өндүрүш объекттерин курууга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо менен камсыз кылууга (камсыз кылууга), дүң жана чекене соодага, транспорт ишине жана жүктөрдү сактоого, билим беруу, ошондой эле турак-жай курулушуна багытталган.

0ткен мезгилдин ичинде төмөндөгүлөр курулуп, пайдаланууга берилди:

- узундугу 28,6 км селге каршы курулмалары, 26,2 км жээк коргоочу курулмалары, 125,2 км сугат каналдары;

- чыңалуусу 10/4 кВ 76 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор, 0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгылары 148,58 км, 6-20 кВ - 30,43 км, 35 кВ жана андан жогору - 3,33 км, газ бөлүштүрүүчү тармактар узундугу 17,60 км, мини ГЭСтер 5,50 МВА;

- узундугу 22,90 км болгон райондук жана жергиликтүү маанидеги асфальтталган жолдор, 106,14 км айыл чарбадагы ички чарбалык жолдор, ошондой эле 22 көпүрө;

- 72 орто мектеп (8 060,0 млн. сом) жана 19,7 миң орундуу он кеңейтүү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көп. Республиканын бардык аймактарында мектептер пайдаланууга берилди;

- 1893 орунга 21 мектепке чейинки мекемелер (2559,4 млн. сом). Республиканын бардык аймактарында мектепке чейинки балдар мекемелерин пайдаланууга берүү ишке ашырылды;

- Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында, ошондой эле Ош шаарында 340 койкалуу 10 оорукана (1 587,3 млн. сом);

- Сменасына 393 келүү үчүн 32 амбулатория (373,7 млн. сом) же 2022-жылдын деңгээлинен 35,0% Республиканын көпчүлүк аймактарында амбулаторияларды ишке киргизүү ишке ашырылган.

Турак жай курулушунун көлөмү көбөйүүдө. Турак жай курулушунда 2023-жылы (баалоо боюнча) негизги капиталга 54,2 млрд сом инвестиция пайдаланылган же 2022-жылга салыштырмалуу 6,4%га өскөн. 2023-жылы Жалпы аянты 1360,5 миң чарчы метр болгон 13755 үй/батир пайдаланууга берилди. Турак жай курулушуна сарпталган каражаттардын үлүшү жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмүндө 32,2%ды түздү. Курулуштун негизги үлүшү (85,7%) Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Баткен облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келет.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198,0 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3%га өстү.

Курулуш секторунун өлкөнүн ИДПсын түзүүгө оң салымы 0,7 пайыздык пунктту түздү, анын ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 6,6%ды түздү.

Онлайн кайрылуу