Кыргыз Республикасынын Президенти камсыздандыруу төгүмдөрүн азайтуу боюнча Жарлыкка кол койду

Новости
01-Март 2024-ж.
4900

Кыргыз Республикасынын Президенти 2024-жылдын 1-мартындагы “Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгына кол койду.

Бул Жарлык ишкердик үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, анын ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана бизнестин финансылык жүгүн жеңилдетүү жана аларды экономиканын байкалбаган секторунан чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн учурдагы ставкасы бизнестин эң көп көтөрүлгөн көйгөйү болуп саналат, анткени иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү социалдык төгүмдөр салыктык чегерүүлөрдүн суммасынан олуттуу ашып кетет, бул кызматкерлердин эмгек акысын төмөндөтүүгө жана жумушчулар үчүн ишкердикти өнүктүрүүдө жагымсыз экономикалык шарттарды түзүүгө негиз түзөт. 

Учурда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 27,25%ды түзөт, анын ичинен:

– иш берүүчү үчүн 17,25% өлчөмүндө;

– кызматкер үчүн 10% өлчөмүндө.

Ушуга байланыштуу, бизнестин өсүшүнө жана жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн адилеттүү жана туруктуураак салык салууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.

Алсак, бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын 12,25 пайыз өлчөмүндө жана кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акыны жашыргандыгы үчүн иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин белгилеген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Эгерде бул тарифтер төмөндөтүлсө, иш берүүчү 2,25% өлчөмүндө социалдык төлөмдөрдү төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жана рентабелдүүлүгү жогору тармактарга таасирин тийгизбей турганын да белгилей кетүү керек, мисалы:

– тоо-кен ишканалары;

– алкоголдук продукцияларды, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуучу чарба жүргүзүүчү субъекттер;

– уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;

– Интернет провайдерлери;

– Коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу