Астанада кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешине караштуу Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча подкомитеттин 8-отуруму болуп өттү

Новости
30-Май 2024-ж.
1838

2024-жылын 29-майында Астанада кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешине караштуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору (ЭКАБ) боюнча подкомитеттин 8-отуруму болуп өттү.


Бул отурум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун жана Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министринин Биринчи вице-министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында, Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары – АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков мырзанын, АӨБ аймактык кызматташуу жана операцияларды координациялоо боюнча директору Лязиза Сабырова айымдын, ЭКАБ командасынын жетекчиси Кристиан Росбах мырзанын, АӨБдүн Казакстан Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн директору Уцав Кумар мырзанын катышуусунда өттү.

Жыйынга ошондой эле эки өлкөнүн негизги мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.


Отурумдун максаты кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жана атаандаштыкка жөндөмдүү бирдиктүү аймакты түзүү үчүн Алматы-Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү илгерилетүү болду. Отурумда ЭКАБ Подкомитетинин 7-отурумунун протоколун аткаруу статусу каралды, сектордук жумушчу топтордун отурумдарынын протоколдорунун негизинде экабдын учурдагы долбоорлоруна жана демилгелерине сереп жүргүзүлдү, ошондой эле эки тараптын биргелешкен аракеттери макулдашылды.


Жыйындын жүрүшүндө Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун алкагында транспорттук инфраструктура, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.


Азия өнүктүрүү банкы тарабынан төмөнкү долбоорлордун бет ачары өткөрүлдү:

- Алматы менен Бишкектин ортосундагы электр автобус каттамы;

- ЭКАБдын чек ара кызматтарын региондук жакшыртуу;

-Алматы-Ысык-Көл альтернативдик жолу.


Ошондой эле Кыргыз жана казак тараптардын Бишкек жана Алматы шаарларында абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу, саламаттык сактоо, атап айтканда аймактык референттик борборду түзүү ж. б. чөйрөсүндөгү баяндамалары угулду.


Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар ЭКАБдын 8-отурумунун Протоколуна кол коюшту.

Онлайн кайрылуу