Исламабадда Кыргызстандын экспорттук көзөмөл жаатындагы мыйзамдары тууралуу маалымат берилди

Новости
01-Август 2024-ж.
1774

Европа Бирлиги, Германиянын экономикалык маселелер жана экспорттук контролдоо боюнча федералдык башкармалыгы (BAFA) Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте «P105 - Борбордук Азия - ЕБ кош максаттуу товарлар үчүн P2P экспорттук көзөмөлдөө программасы» долбоорунун регионалдык баштапкы семинарын уюштурушту.

«P105 - Борбордук Азия - ЕБ кош максаттуу товарлар үчүн P2P экспорттук көзөмөлдөө программасы» долбоорунун семинары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен үстүбүздөгү жылдын 24-25-июлунда Исламабад шаарында болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү экспорттук контролдоо жаатындагы улуттук мыйзамдардын тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара Европа Бирлиги (ЕБ) тарабынан 36 айлык мөөнөткө, 2023-жылдын 19-декабрында ишке киргизилген кош багыттагы товарларды экспорттоону контролдоо боюнча ЕБ программасынын алкагында кызматташууга багытталган - Борбордук Азия (105-долбоору).

Бул долбоор Европа Бирлигинин CBRN тобокелдигин азайтуу демилгеси менен байланышкан жана Германиянын экономикалык иштер жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык башкармалыгы (BAFA) тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнөн тышкары Казакстан Республикасынын (онлайн), Монголиянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү да катышты. 

Иш-чара улуттук мамилелерди, тажрыйбаларды жана кош багыттагы товарлардын соодасын стратегиялык контролдоо боюнча көз караштарды алмашууга сонун мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстанда БУУнун ККнин 1540 программасын ишке ашыруунун максаты – ар кандай секторлордо, анын ичинде экспорттук көзөмөл, бажы жана чек ара коопсуздугу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгуу жана баалоо, биологиялык, химиялык жана радиологиялык коопсуздук чараларын карап чыгуу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында БУУ 1540-пунктуна ылайык келүүнү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын Улуттук планын жаңылоо.

Онлайн кайрылуу