Англисче-орусча-кыргызча глоссарийдин бет ачары болду

Новости
01-Август 2024-ж.
1576

2024-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргызстан үчүн шаарлардын жашоо туруктуулугу чөйрөсүндөгү Англис-орус-кыргыз глоссарийинин бет ачары болуп, аны колдонуу боюнча семинар өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин American Councils директору Оливия Стивенс, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана эксперттер катышышты.

Англисче-орусча-кыргызча глоссарий шаарды өнүктүрүү жаатындагы демилгелүү эксперт Чынара Сапарова тарабынан иштелип чыккан жана англис тилиндеги эл аралык адабияттын ар кандай булактарынан алынган 111 терминди камтыйт.

Терминдерди кыргыз тилине которуу ар кандай булактардын, мисалы, К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгү» орусча-кыргызча «Эл-Сөздүк» онлайн котормочулар сыяктуу ар кандай булактардын негизинде жүргүзүлдү. Басылманы редакциялоо боюнча КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедиялык жана терминология борборунун жамааты иш алып барды.

Бул долбоордун максаты - кыргыз тилиндеги эл аралык терминдерди стандартташтыруу жана урбанизм менен климаттын өзгөрүүсү жаатындагы сапаттуу глобалдуу жана туруктуу терминдер аркылуу мамлекеттик тилди колдоо. Ошондой эле, басылма 2023-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекетик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.

Глоссарийди түзүү демилгеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедиялык жана терминологиялык борбору тарабынан макулдашылып, колдоого алынган.

Китеп мамлекеттик саясатта жана коомдук дискурста терминдерди колдонууда так жана ырааттуулукту камсыз кылат. Глоссарийди мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук колдонот.

Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган жана эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер башкарган бүтүрүүчүлөр үчүн алмашуу программаларынын Чакан гранттар программасынын алкагында ишке ашырылган.

Глоссарий кийинки шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://drive.google.com/file/d/10K5UvmFkeIPnAYKOqhXiW4kxMJgoPAtt/view?usp=sharing

Онлайн кайрылуу