Санжарбек Болотов Корея логистикалык борборунун гендиректору менен Кыргызстанда соода-логистикалык борборлордун курулушун талкуулады

Новости
05-Август 2024-ж.
1485

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Санжарбек Болотов Корея логистикалык борборунун (ECOVICE Co.,Ltd, MMP KOREA, Decem LLC) башкы директору Ким Икжун жана Кореянын Инха университетинин өкүлдөрү менен биргеликте жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду курууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды өнүктүрүү келечегин изилдөөнү талкуулашты.

Ошондой эле, тараптар логистикалык өнүктүрүү боюнча кадрларды даярдоо, анын ичинде Инха Корея университетинин логистика жогорку мектебинде (ишкердик башкаруу магистри) магистрдик программа үчүн гранттык техникалык жардам жаатында кызматташууну жолго коюу зарылчылыгына токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Онлайн кайрылуу