ЭКМ ДСУ менен биргеликте соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча улуттук семинар өткөрүүдө

Новости
12-Сентябрь 2024-ж.
518

2024-жылдын 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин Кемин шаарындагы ”Ашуу конок үйүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы БУУӨП долбоорунун жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин финансылык колдоосу менен соода макулдашуулары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча улуттук семинар өткөрөт.


Семинардын негизги максаты улуттук кызыкчылыктарды сүйлөшүүлөрдүн тараптарынын кызыкчылыктары менен тең салмакташтырган натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгууга катышуучуларды окутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын чыңдоо болуп саналат.


Улуттук семинар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ДСУнун принциптери жана макулдашуулары жөнүндө түшүнүккө, соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү стратегияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ДСУнун эрежелерин жана ченемдерин сактоону камсыз кылууга багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.


Бул иш-чара мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн жемиштүү иш үчүн аянтча болуп, эл аралык соода сүйлөшүүлөрүнө натыйжалуу катышуу үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөр менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.




Онлайн кайрылуу