Кыргызстан менен Франция келечектеги эки тараптуу кызматташууну жана жаңы долбоорлорду талкуулашты

Новости
04-Октябрь 2024-ж.
1750


2024-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файе менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана учурдагы экономикалык маселелерди талкуулады. Министр Кыргызстан экономикасы туруктуулугун сактап, Франция менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи. Талкуунун негизги темаларынын бири – Кыргызстандын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жана эл аралык инвестицияларды тартууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген "Куршавель" долбоору болду. Франциянын элчиси маданият, энергетика жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыгуусун билдирип, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Онлайн кайрылуу