Санжар Болотов Кыргызстандын инвестициялык климатына экономикалык интеграциянын таасири жөнүндө Ж. Баласагын атындагы КУУда айтып берди

Новости
07-Октябрь 2024-ж.
1704

2024-жылдын 4-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Жогорку экономика мектебинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотовдун «Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатына экономикалык интеграциянын таасири» деген темада конок лекциясы өттү.
 
 Министрдин орун басары С. Болотов өлкөнүн инвестициялык климатына экономикалык интеграциянын таасири боюнча өзүнүн көз карашын кеңири түшүндүрдү. Ал Кыргызстандын эл аралык экономикалык бирикмелерге жана келишимдерге катышуусунун маанисин баса белгилеп, интеграциялык процесстердин алкагында ишке ашырылган ийгиликтүү инвестициялык долбоорлордун конкреттүү мисалдарын келтирди.
 
 Лекция студенттер менен окутуучулардын чоң кызыгуусун жаратты, алар активдүү суроолорду берип, талкууга катышты. Мындай иш-чаралар студенттердин заманбап экономикалык реалдуулуктар жана өлкөнүн алдында турган кыйынчылыктар тууралуу түшүнүгүн тереңдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
 
 Окутуучулар С. Болотовго студенттерге көңүл жана убакыт бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, экономика тармагында жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен билим берүү мекемелеринин кызматташуусун улантуунун маанисин баса белгилешти.
 
 Лекциянын жыйынтыгында уюштуруучулар С. Болотовго КУУнун Жогорку экономика мектебинин ардак грамотасын тапшырышты.

Онлайн кайрылуу