Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары KOICAнын вице-президенти Хон Сок Хва мырза менен эки тараптуу кызматташтыкты жана гранттык долбоорлорду талкуулоо боюнча жолукту

Новости
08-Октябрь 2024-ж.
1606

Кореянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) башкы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Хон Сок Хва мырза менен жолугушту.
 
 
Министрдин орун басары Кыргыз Республикасы үчүн Корея Республикасы маанилүү өнөктөш экендигин белгилеп, алар менен негизги тармактарда жалпы суммасы 78 миллион АКШ долларына жеткен ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. Учурда Кыргыз Республикасы жашыл технологиялар, энергетика, жергиликтүү өндүрүш жана экспортту өнүктүрүү, санариптештирүү, креативдүү экономика, заманбап соода-логистикалык инфраструктура түзүү жана инвестицияларды тартуу сыяктуу экономиканын инновациялык багыттары аркылуу туруктуу өсүүгө жетүүнү максат кылып жатат. Ошондуктан, бул багыттар боюнча кызматташууну күчөтүүгө даярдык көрсөтүлүп, анын экономиканын ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө болору белгиленди.
 
 
Мындан тышкары, министрдин орун басары гранттык каражаттардын эсебинен каржылануучу приоритеттүү долбоорлорду кеңейтүү жана колдоо боюнча сунуш киргизди.
 
 
Вице-президент Хон Сок Хва мырза министрликтин расмий өнүгүүгө жардам берүү (РОЖ) линиясы боюнча улуттук координатор катары маанилүү ролун белгилеп, экономиканын ар кандай секторлорун өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
 
 
Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилешип, биргелешкен демилгелер боюнча ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу