Министрлик менен ири корей корпорациясы KT&G ортосунда сүйлөшүүлөр болду

Новости
10-Октябрь 2024-ж.
1675
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ири корей корпорациясы “КТ&G”нын башкы директору Кён Ман Банг мырзанын Кыргыз Республикасына иш сапары болуп өттү. 
KT&G компаниясы - 100 жылдан ашуун тарыхы бар жана тамеки бизнесине адистешкен, ошондой эле женьшень өндүрүү, медицина, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарында иш алып барган Кореянын алдыңкы компанияларынын бири болуп саналат. Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жана Кён Ман Банг мырзанын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов мырза менен жолугушуусу болуп өттү. 
Жолугушуу учурунда Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен достук, ишенимдүү мамилелерди орнотуп, ар кандай багыттар боюнча тыгыз кызматташтыкты түзгөн негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “КТ&G” компаниясы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылды.
 Өз кезегинде Кён Ман Банг мырза Кыргыз Республикасы менен мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин, атап айтканда, Кыргызстандын дары чөптөрү жана ак балын колдонуу менен фармацевтика жана косметика тармактарында кызматташуу мүмкүндүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасында компаниянын кеңсесин ачуу пландары менен бөлүштү. 
Ушуга байланыштуу кыргыз тарабы корей компаниясынын демилгелерине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, KT&G компаниясынын сапары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов мырзанын Корея Республикасына болгон иш сапары учурунда Сеул шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча уюштурулган жана кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу максатында иш сапарын уюштуруу сунушталган.











Онлайн кайрылуу