Борбордук Азия «Жашыл экономика – 2024» регионалдык форумунун алкагында жашыл өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктайт!

Новости
23-Октябрь 2024-ж.
465

2024-жылдын 23-октябрында Бишкектеги «Дасмия» этно-комплексинде «Жашыл экономика – 2024» регионалдык форуму болуп өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов ачып, «жашыл» экономика экономикалык өсүштү экологиялык туруктуулук менен шайкеш келтирүүчү өзгөрүүлөргө жол ачарын баса белгиледи.


Форум Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү жана экологиялык таза технологияларды киргизүү боюнча негизги маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болду. Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, «жашыл» экономикага өтүүгө багытталган практикалар жана стратегиялар менен бөлүштү. Ошондой эле, алар «жашыл» каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактагы экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди талкуулашты.


Форумдун алкагында жашыл долбоорлорду каржылоо, жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштандыларды башкаруу жана жашыл курулуш боюнча пленардык сессиялар жана сектордук талкуулар өткөрүлдү. Эл аралык эксперттер жана бизнес өкүлдөрү айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган маанилүү демилгелер жана долбоорлор боюнча пикир алышты.


Форумдун жыйынтыктары Азербайжан Республикасынын Баку шаарында 2024-жылдын 11-22-ноябрында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (КС-29) тараптарынын алдыдагы 29-конференциясына өлкөлүк стратегияларды даярдоонун негизи болот.


Регионалдык форум Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ЖИА Бизнес ассоциациясы, CAREC жана эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөрү: GIZ, BMZ, ЕС, Швейцария элчилиги, ПРООН, ОБСЕ жана Ага Хан менен биргеликте уюштурулду.


Форумга 500дөн ашуун катышуучу – өкмөттөрдүн, бизнес чөйрөсүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, аймактык кызматташтыкты чыңдоого жана туруктуу экономикалык чечимдерди илгерилетүүгө өбөлгө түздү.


Онлайн кайрылуу