Кыргыз Республикасы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча активдүү иштерди улантууда

Новости
28-Октябрь 2024-ж.
381

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин делегациясы Женева шаарында өткөн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Дүйнөлүк Соода Уюмунун комитетинин (ДСУ) жыйынына катышты.

Бул иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясы “Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында чек аралардагы процесстерди санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар” темасында баяндама жасады. 

Баяндамада региондо тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн шарттарды жеңилдетүүгө жана жакшыртууга багытталган чек ара процесстерин тездетүү жана автоматташтыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Ошол эле учурда, бул визиттин жүрүшүндө ДСУ менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча (СУПТ) пландын алкагындагы айрым иш-чараларды ишке ашыруу үчүн гранттык колдоо алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктагандыгын белгилей кетүү керек.

 Гранттык колдоо соода процесстерин оптималдаштырууга жана чек аралардагы иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган негизги демилгелерди киргизүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.

ДСУнун комитетинин талааларында кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушту. 

Талкуунун негизги темасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатындагы кызматташтыктын перспективалары болду. 

Кытай тарап өз ара сооданы жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында электрондук фитосанитардык документтерди алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.

 Тараптар бул демилгени жакынкы арада ишке ашыруу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу боюнча ишти баштоону макулдашышты.

Ошондой эле сапардын алкагында кыргыз делегациясы эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы менен жолугушту. 

Жолугушууда Кыргызстандын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, анын ичинде санариптик инструменттерди киргизүү жаатындагы учурдагы жетишкендиктери, ошондой эле 2025-2027-жылдарга карата пландары талкууланды. 

Тараптар соода жол-жоболорун өркүндөтүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү аркылуу соода байланыштарын мындан ары бекемдөө боюнча иштерди улантуу зарылдыгын баса белгилешти. 

Жолугушуунун жыйынтыгында ЭСБ айрым кызматкерлерине СУПТ планын ишке ашырууда көрсөткөн көмөгү үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз Республикасы чек ара процесстерин санариптештирүүгө, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу менен соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жигердүү иштерди улантууда. 

Бул кадамдар Бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталган.


Онлайн кайрылуу