Логистика эл аралык сооданын негизи болуп саналат жана жаңы каттамдарды өздөштүрүү азыркы учурда актуалдуу маселеге айланууда

Новости
31-Октябрь 2024-ж.
374

2024-жылдын 29-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Азамат Мураталиев, КР МЭК алдындагы "Кыргыз Экспорт" Борборунун директору Урмат Такиров логистика, кампа жабдуулары жана коммерциялык транспорт - "Аад"биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

А.Мураталиев атамекендик ташуучулар үчүн жаңы каттамдарды өздөштүрүүгө арналган панелдик сессияда презентация жасап, Россия Федерациясына жаңы каттамдарга басым жасап, "Түштүк", "Борбордук" жана "Түндүк коридорлорду"бөлүп көрсөттү. Ошондой эле каттамдардын ар биринин оң жана терс жактары тууралуу айтып, ташууга байланыштуу чыгымдар тууралуу маалымат берди. Логистика эл аралык сооданын негизи болуп саналарын жана жаңы каттамдарды өздөштүрүү азыркы учурда министрликтин өтө актуалдуу милдети болуп жатканын баса белгиледи, анткени Глобалдашуу жана сооданын көлөмүн көбөйтүү шарттарында натыйжалуу логистикалык чечимдер атамекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана соода өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жардам берет.

Ошондой эле Урмат Такиров “Атамекендик ташуучулар үчүн жаңы каттамдарды өздөштүрүү” панелдик сессиясында чыгып сүйлөдү, анда борбордун ишмердүүлүгү жана экспорттоочуларды колдоо боюнча демилгелер жөнүндө презентация жасады. Талкууга КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Эл аралык ташуулар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөнүн негизги темаларына Кыргызстандын транспорттук жана логистикалык инфраструктурасынын өнүгүүсү, Жибек жолунун жана Евразия экономикалык биримдигинин коридорлорундагы өлкөнүн ролу, ошондой эле кыргыз компаниялары үчүн жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөр кирди.

Иш-чара логистика жана транспорт чөйрөсүндөгү 50дөн ашык эл аралык компанияларды чогултту жана тажрыйба алмашуу, ишкер байланыштарды түзүү жана потенциалдуу өнөктөштөрдүн жана кардарлардын кеңири аудиториясына инновациялык чечимдерди, технологияларды жана кызматтарды көрсөтүү үчүн аянтча болуп калды.

Онлайн кайрылуу