Кыргыз продукциясын Өзбекстанга жеткирүүнүн ассортиментин кеңейтүү маселелери жөнүндө

Новости
06-Ноябрь 2024-ж.
437

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү Олма супермаркеттер тармагынын өкүлдөрү менен кыргыз продукциясын жеткирүүнүн ассортиментин кеңейтүү маселеси боюнча иштиктүү жолугушуу өткөрдү. Өзбекстандын рыногуна накта бал, мисте, ошондой эле “Ак дарыяCrystal  жана Алайку Органикс” сыяктуу кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын алып чыгуунун келечеги талкууланды. Соода агенттиги даам татуу жана андан ары карап чыгуу үчүн продукциянын үлгүлөрүн берди.


Олма супермаркети ар бир категория боюнча деталдаштырылган баалар менен бирге экспортко тез бузулуучу азыктардын жарактуулук мөөнөтүн сурап, бул продукцияларга кызыгуусун билдирди. Сүйлөшүүлөрдө супермаркеттин өкүлдөрү кыргыз балын жана ичүүчү сууну сатып алууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле сүт азыктары боюнча жеткирүү мүмкүн болушу үчүн жарактуулук мөөнөтүн кошумча талдоо талап кылынат, экспортко сактоо мөөнөтүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын белгилешти.


“Сүйлөшүүлөр конструктивдүү негизде өттү, бул Өзбекстан рыногунда кыргыз продукциясынын мындан аркы кызматташтыгына жана позицияларын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Биздин азыктар жогорку даамдуу жана табигый мүнөзгө ээ жана биз бизнес өкүлдөрү үчүн жаңы горизонтторду жана мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кубанычтабы” - деп белгиледи КР Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.





Онлайн кайрылуу