“Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол коюлду.

Новости
01-Август 2013-ж.
2709

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Мыйзамына кол койду.

Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен 27.06.13-жылы №3327-V жактырылган.

Мыйзамдын жобосу, алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн техникалык жөнгө салуу аркылуу жогорулатып, Кыргызстандагы оюнчуктарды өндүрүүнү регламентациялоого жана Кыргызстанга оюнчуктарды жеткизүүгө жана ошону менен бирге, элди коопсуз продукция менен камсыз кылууга багытталган.

Онлайн кайрылуу