Экономкоммерцияминистрлиги: Өлкөдө экономикалык өсүш байкалууда

Новости
14-Январь 2022-ж.
2607

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча экономика туруктуу калыбына келүү траекториясына түштү. Мында калыбына келүү процесси бир өңчөй эмес, өсүүнүн драйвери болуп өнөр жайы жана тейлөө чөйрөсү саналат.  

2021-жылдын январь-декабрында реалдуу ИДП өсүшү 3,6% деңгээлдеги оң белгиге жетти, ИДП өсүшү Кумтөр кенин кайра иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 3,9 % түздү

ИДП өсүшүнүн негизги оң салымын тейлөө чөйрөсү камсыздаган, (2,99 пайыздык пункт) мында өнөр жайынын реалдуу өсүшү 6,5% түзүп, “Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсептебегенде реалдуу өсүш 12,9% түздү (өсүшкө салым 1,3 п.п.).  


Айрым тейлөө чөйрөсүндө ишенимдүү калыбына келүү байкалат: сооданын өсүшү 11,4 %, транспорттук тейлөө – 18,0 %, мейманкана менен ресторандардын иши  –  14,3 %, маалымат жана байланыш – 12,9 %, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүн калыбына келтирүүдөн 2021-жылдын 11 айындагы өсүш 21,4% түзүп, өлкөгө акча которуулардын өсүшүнүн оң темпинин өсүшү ( 16,5 %, 2021-жылдын 11 айында 2 517 млн АКШ долл. түздү), бул транспорт иши жана дүң-чекене сооданын активдешине таасир этет. 


Айыл чарбасында өндүрүш 5%, курулушта – 4,8% төмөндөп, чектөөчү фактор бойлон калууда. Айыл чарба продукциясынын төмөндөшү негизинен татаал климаттык шарттарга байланыштуу болууда. Жайкысын аномалдык ысык жогорку температура жана вегетациялык мезгилде сугат суусунун жетишсиздиги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Курулуштун көлөмүнүн төмөндөшү каржылоо булагынын кыскарышынын ички эсебинен (4,9%), ошондой эле тышкы эсебинен (10,0) негизги капиталга 5,9% инвестициянын төмөндөшү менен шартталып , ушундан улам пландаштырылган инвестициянын көлөмүнүн толук эмес өздөштүрүлүшү келип чыкты. 


2021-жылы Кытай жана ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин экономикасы стабилдүү калыбына келүүсүн уланткан, мында РФ менен Кытайдын экономикасы пандемияга чейинки деңгээлге чыгып, суроо менен талаптын көбөйүүсүнө жол ачкан. 


КР тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-ноябрында 6 278,2 млн. АКШ долл. түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21,4% көбөйгөн. Мында Кыргыз Республикасына импорттук жеткирүүлөр 43,9 % көбөйүп, 4 828,8 млн АКШ долл. түзгөн, ал эми Кыргыз Республикасынын экспорттук жеткирүүлөрүнүн көлөмү 20,1 % азайып, 1 449,4 млн АКШ долл. түзгөн.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 111,2%ды түздү (өткөн жылдын декабрь айына карата). Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 13,3% га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге - 11,4% га, азык-түлүк эмес товарларга - 9,7% га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 7,1% га жогорулады.

Негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдө да инфляциянын жогорку деңгээли түзүлдү: Россия Федерациясында – 8,4%га, Беларусь Республикасында – 9,97%га, Казакстан Республикасында – 8,4%га, Армения — 7,7 пайызга. Инфляциянын деңгээлине тышкы факторлордун таасиринин тобокелдиктери сакталып калууда – бул айыл чарба өндүрүшүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген азык-түлүк товарларына, күйүүчү майларга баалардын дүйнөлүк өсүшү жана жагымсыз климаттык шарттардын таасири болуп саналат.

Экономиканын эң көп жабыр тарткан тармактарын, кичи жана орто бизнести, калкты колдоо максатында пандемия учурунда жоголгон көлөмдөрдү калыбына келтирүүгө алып келүүчү фискалдык жана финансылык чаралардын зарыл комплекси кабыл алынды.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды салык жана бажы жол-жоболоруна киргизүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын январь-декабрь айларында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 151 млрд сомду (алдын ала маалыматтар) түзүп, пландык көрсөткүч 100%га аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 44,1 млрд сомго же 41,2%га өскөн.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин беш жылдык иш-чаралар планы кабыл алынган, анда экономикадагы түзүмдүк өзгөртүүлөр, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, импортту алмаштыруу экономиканын негизги секторлору үчүн компоненттер, кызматташуу байланыштары, санариптик технологияларды колдонуу менен пайда болгон жаңы бизнес моделдер ж.б.


Министрлер кабинетинин негизги милдети кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик саясат ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, салыктык башкарууну жана салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууну андан ары өркүндөтүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталат.

Бул чаралар биргелешип, 2022-жылы экономикалык өсүштү пандемияга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүүнү камсыз кылууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик милдеттенмелерди толук аткарууга мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин негизги милдети кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу мамлекеттик саясат ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, салыктык башкарууну жана салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууну андан ары өркүндөтүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталат.

Бул чаралар биргелешип, 2022-жылы экономикалык өсүштү пандемияга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүүнү камсыз кылууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик милдеттенмелерди толук аткарууга мүмкүндүк берет.

Онлайн кайрылуу