Министр Д.Амангелдиев: КР 2021-жылдагы СЭО негизги натыйжасы ИДПнын өсүү темпи 103,6%ды түзгөн оң көрсөткүчкө жетишүү болду

Новости
26-Февраль 2022-ж.
2209

Кыргыз Республикасын 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн натыйжалары өсүштүн оң темптерин көрсөтүүдө жана тейлөө чөйрөсүнүн жана өнөр жай тармактарынын өсүү темптеринин жогорулашы менен камсыз кылынат. 2021-жылдын январь-декабрында ички дүң продукциянын көлөмү 723,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды түздү. ИДПнын дефлятору 116,0% деңгээлинде түптөлгөн. Бул тууралуу 2022-жылдын 26-февралында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,%га, курулушта 4,8%га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда 7,2%га өскөн, ал эми кызмат көрсөтүүдө  — 6,5% өскөн.

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү.

2021-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 3,4 миллиард АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40,5%га өстү.

2021-жылы республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (66,7%) жана Казакстанга (30,9%) туура келген.

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү.

2021-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 3,4 миллиард АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40,5%га өстү.

2021-жылы республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (66,7%) жана Казакстанга (30,9%) туура келген.

Ошентип, өткөн жыл мамлекеттик башкаруунун жаңы системасындагы аткаруу бийлик органдарынын ишинин биринчи жылы болду, бул ишке болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылды. Бул татаал өткөөл этап болду, анын жүрүшүндө үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу үчүн бардык колдо болгон ресурстарды мобилизациялоо керек болчу, деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле 2021-жылдагы олуттуу жыйынтыктарды белгиледи.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомду түздү, 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу кирешелердин өсүшү 53,0 млрд сомду же 139,2%ды түздү.

Кирешелердин өсүшү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун эсебинен жетишилди, бул көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу аркылуу республикалык бюджетке кирешелерди олуттуу түрдө камсыз кылды.

2021-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК убактылуу тышкы башкарууну киргизген. Компания алтын өндүрүү боюнча ишин улантып, бардык кыйынчылыктарга карабастан өндүрүш процесстеринин туруктуулугун көрсөттү.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы атамекендик мамлекеттик компаниялар тарабынан стратегиялык кендерди иштетүү максатында түзүлгөн.

Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду жана өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Көмүрдүн баасын убактылуу жөнгө салуу киргизилди. Натыйжада республика боюнча жергиликтүү көмүрдүн баасы орто эсеп менен тоннасына 431 сомго, ал эми импорттук көмүр 169 сомго арзандады.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жана Программаны ишке ашыруу үчүн - Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейинки иш-чаралар планы, анда экономикада түзүмдүк өзгөртүүлөр, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, импортту алмаштыруучу компоненттер менен экономиканын негизги секторлору үчүн, кызматташуу байланыштары, санариптик технологияларды колдонуу менен пайда болгон жаңы бизнес моделдер ж.б. кабыл алынган.


2021-жылдын октябрынан жана ушул жылдын январынан баштап 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон учурда ата-энесинин бирөөсүнөн ажырап калган балдарга, ошондой эле I, II жана III топтогу майыптар үчүн жөлөкпулдар жогорулатылды .

Министрлик тарабынан бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, экспортту өнүктүрүү, салык жүгүн азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер экономикадагы оң жылыштарга өбөлгө түздү.

Министрлер Кабинетинин киргизилген чектөөлөрүнүн шартында ишкердик чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн:

- 2022-жылга чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген;

- Ишкерлерге мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү максатында Ишкерлерди тейлөө борбору ишке киргизилди;

- 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул Программанын алкагында ЕРӨБ жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстанга 12 миллион АКШ долларын аялдар башкарган компанияларды насыялоо үчүн берүүнү пландаштырган;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкердик жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксаттар жөнүндө маалыматты электрондук форматта алуу үчүн уруксаттардын маалыматтык порталы (http://www.elicense.gov.kg/) ишке киргизилди;

- экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды кылмыштуулуктан арылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарга ишкердик субъекттерин коргоо максатында, алардын уюштуруу-укуктук формасына, ишинин туруне, баш ийгендигине жана менчигинин формасына карабастан ишкердик субъекти - жеке жак, жеке ишкер, уюм, өзүнчө бөлүм, туруктуу мекеме деген түшүнүк киргизилет.


Маанилүү жыйынтыктардын бири – «Манас» аэропортун модернизациялоо долбоору болду. Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте финансылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол койду.

Кыргыз Республикасына полимердик жана полимер баштыктарды, бөтөлкөлөрдү жана идиш-аяктарды ички рынокко ташып келүүдө жана/же сатууда кайра иштетүү үчүн алым жана кайра иштетүү алымын киргизүү жолу менен айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоого багытталган фискалдык саясат чөйрөсүнө өзгөртүүлөр киргизилди. 

Киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана статистикалык маалыматтар боюнча отчеттуулуктун бирдиктүү жөнөкөйлөштүрүлгөн формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби бекитилди.

2021-жылдын 1-июлунан тарта тамеки жана алкоголдук продукцияны идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркировкалоо киргизилген.

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин карызын реструктуризациялоо мөөнөттөрүн узартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар боюнча убактылуу жылдыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Ата мекендик машина куруу тармагын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө КНСтен бошотулууга тийиш болгон тракторлорду жана транспорт каражаттарын чогултуу үчүн арналган тетиктердин Тизмеси бекитилди.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эл аралык келишимдер иштелип чыкты:

- ЕАЭБде жүк ташууларга көз салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу, товарлардын транзитинин эркиндигин камсыз кылуу, административдик контролдун кошумча чараларын, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн финансылык жүктөрдү азайтуу жана ташуулардын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча;

- бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташуу  учурунда бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө;

- товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн көрсөткүчтөрү товарларды жана транспорттук каражаттарды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө бажылык декларациялоодо белгиленген.

Отчеттук жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасы болуп 2020-жылга салыштырмалуу салыктык жана бажылык кирешелердин 41,4%га көбөйүшү болду, ал 152,6 млрд сомду түздү.

Салык процедураларын андан ары санариптештирүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн заманбап талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынды.

ЕАЭБтин ишин координациялоо жаатында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЭЭК) жыйынында 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары бекитилди, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн рыногуаларды ишке ашыруу бирдиктүү интеграцияны түзүүнү аяктоону билдирет.

Кыргыз Республикасынын сунушу боюнча ЕАЭБти өнүктүрүү институтун түзүү маселеси камтылган, ошондой эле максаттуу өнүктүрүү программалары.ал мүчө мамлекеттердин экономикасын түзүмдүк кайра куруунун финансылык инструментине айланат. 

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин отурумунда төмөнкүлөр жактырылды:

- ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу Убактылуу макулдашууга Протокол.

«II Чоң протоколго» кол коюлду, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилди.

Быйыл Кыргыз Республикасы Биримдиктин органдарында – Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылуучу мамлекет болуп калды.

Атаандаштык саясаты чөйрөсүндө өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү, экономиканын көмүскө секторунун үлүшүн азайтуу жана бюджетке каражаттардын агымын көбөйтүү максатында төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү QR кодун колдонуу боюнча ченемдер киргизилген.

Товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө жана рынокту монополиялаштырууга жол бербөө максатында “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ченемдер киргизилген.

Өсүмдүк күн карама майына жана кумшекерге максималдуу соода үстөгүн белгилөө менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу (90 календардык күндүк мөөнөткө) киргизилди.

Ошондой эле бааларды кармап туруу максатында төмөнкү чаралар көрүлдү:

- 40 миң тонна өлчөмүндөгү импорттук ак жана камыш чийки кантты убактылуу тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына бөлүштүрүү эрежелерин бекитти;

- мал азыгы үчүн 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилге салык салынуучу беримдер жана салык салынуучу импорт үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленген.

Региондорду өнүктүрүү жаатында Баткен облусун колдоо жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;

- Баткен облусунун айрым мыйзам актыларына өзгөчө салыктык жана инвестициялык режимдерди, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режимдерин, ошондой эле Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчө жеңилдетилген режимдерин камсыз кылуу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу