Кыргызстан ДСУнун платформасында БАЭнин соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
24-Март 2022-ж.
2639

2022-жылдын 22-24-мартында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттарынын Соода саясатына сереп салууга катышты.


Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди.


Сөзүнүн башында Н.Максүтов Ишкердик, чакан жана орто ишканалар боюнча мамлекеттик министр, доктор Ахмад Белхоул Аль Фаласи башында турган БАЭ делегациясын жылуу кабыл алып, ДСУнун катчылыгы менен бирге жакшы даярдалган доклад үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле өлкө жетекчилигинин көрөгөч саясатынын аркасында тарыхый мезгилде БАЭ жетишкен натыйжалар белгиленди. Бул дүйнөлүк маанидеги иш-чара – ЭКСПО 2020 көргөзмөсүн өткөрүүдө чагылдырылып, эң жогорку деңгээлде өттү.


Эки тараптуу мамилелерге келсек, өкүл Кыргыз Республикасы менен БАЭ ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылдын 1-августунда түптөлүп, андан бери өлкөлөр акырындап эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жолуна түшүп келе жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө БАЭ Кыргызстандын Перс булуңундагы мамлекеттердин гана эмес, ошондой эле Жакынкы Чыгыштын бүтүндөй регионундагы негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Өлкөлөр экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган фундаменталдык келишимдерге, анын ичинде инвестицияларды коргоо, кош салык салуудан качуу, аба каттамдары жана экономикалык кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.


2021-жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү болжол менен 47 миллион АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 эседен ашык өстү.


Кыргыз Республикасынан БАЭге негизги экспорттук товарлардын арасында алтындан жасалган буюмдар, ал эми импорт боюнча – тиричилик товарлары жана электроника бар.


Н.Максүтов белгилегендей, келечекте ата мекендик азык-түлүктөрдү, анын ичинде таза жана минералдык сууларды экспорттоого чоң үмүт артып жатат. Белгилүү болгондой, Борбордук Азиянын бардык суу ресурстарынын 40% Кыргызстанда топтолгон.


Өкүл Кыргызстан БАЭ менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар жана даяр экендигин баса белгиледи. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын эң маанилүү жана келечектүү багыттары соода, айыл чарба, логистика, энергетика, туризм жана авиация тармагындагы кызматташуу болот.


Бул контекстте энергетика жана инфраструктура министри башында турган БАЭ делегациясынын энергетика, туризм, айыл чарба жана логистика секторлорунун өкүлдөрү болгон ири Эмират компаниялары менен өткөн жылы Кыргызстанга болгон иш сапарында айтылды. Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушууда экономиканын бардык тармактарында инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө кызыкдарлык билдирилди.


Жыйынтыгында Н.Максүтов мындай иш-чараларды B2B жана B2G деңгээлинде өткөрүү зарылдыгын белгилеп, экономикалык алакалардын жылышына өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн ортосундагы эбегейсиз соода-инвестициялык потенциалга шайкеш келишин, бизнес-ассоциациялардын ортосундагы байланышты түзүүнү белгиледи.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Н.Максүтов Кыргыз Республикасынын атынан БАЭ делегациясына ДСУнун алкагындагы көп тараптуу талкууларга жигердүү жана конструктивдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Соода саясатын кароонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.


Маалымат катары:


Соода саясатын карап чыгуу механизми – бул ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатына жана алардын ДСУнун эрежелерине, нормаларына жана милдеттенмелерине ылайык келишине жамааттык мониторинг жүргүзүү системасы.


ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатын үзгүлтүксүз карап чыгуунун максаты ДСУга мүчө мамлекеттердин соода саясатынын ачыктыгын жогорулатуу аркылуу көп тараптуу соода системасынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүү болуп саналат.


ДСУнун бардык мүчөлөрү соода саясатын карап чыгуу процессинен өтүшөт. Дүйнөлүк соодада эң чоң үлүшкө ээ болгон төрт мамлекет (учурда Европа Биримдиги, АКШ, Жапония жана Кытай) эки жылда бир жолу, андан кийин 16 мамлекет төрт жылда бир, калгандары алты жылда бир процедурадан өтүшөт. Азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн узак мөөнөт аныкталышы мүмкүн.

Онлайн кайрылуу