Өнүгүү үчүн бизнес-чөйрүнү түзүү саясатын ишке ашыруу жөнүндө

Новости
16-Февраль 2023-ж.
1481

 Бүгүн, 2023 жылдын 16- февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында Коллегиянын жыйынында, жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү боюнча көрүлгөн жана көрүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө министринин орун басары Айнура Усенбекова сүйлөдү.


Ал белгилегендей, ишкердик чөйрөнү жакшыртууда жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө административдик тоскоолдуктарды кыскартуу бул маанилүү шарт болуп саналат жана ушул багытта мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү максатында декабрь айында тийиштүү Жарлык даярдалып, 2023-жылдын 1 январынан тартып ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизилген, бул Жарлыктын алкагында тийиштүү Токтом менен тартиптер иштелип чыкты.


2013-жылы Экономика министрлиги жүргүзгөн реформалардын натыйжасында лицензиялар жана уруксат кагаздар 58 пайызга, башкача айтканда, лицензия жана уруксат кагаздардын саны 500дөн 101ге чейин кыскартылган (236 болчу).  


Бүгүнкү күндө лицензия жана уруксат кагаздардын саны 97ни түзөт. Муну менен Экономика министрлиги бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү саясатын жүргүзөт


Ошондой эле, мамлекеттик органдар тарабынан уруксат берүүчү документтер жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта алуу үчүн лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрүндө берүү системасын ишке киргизүүнүн алкагында 

Пилоттук режимде төмөнкүдөй документтер берилип баштады: автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияны; мамлекеттик мергенчилик күбөлүктү; автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууга лицензияны; автотранспорт каражаттары менен оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууга атайын уруксатты; чет өлкөлүк автоташуучулардын жүктөрдү ташууга уруксатты.


Белгилей кетчү нерсе, лицензиялык талаптардын толук тизмесин бирдейлештирүү жана аныктоо максатында Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө бирдиктүү Жобо иштелип чыкты. Муну менен ишкерлер бир системада бардык лицензиялык жана уруксаттамалык процедураларды таба алышат. 


Бизнес жүргүзүү менен байланышкан процесстерди консолидациялоо жана оптималдаштыруу үчүн Ишкерлерди тейлөө борбору түзүлдү. Бул бизнес менен Өкмөттүн ортосунда кардарга багытталган мамиле менен операцияларды уюштурууну жана мыйзамдарды сактоону камсыз кылган мамлекеттик тейлөө борбору. 


Азыркы учурда Ишкерлерди тейлөө борбору юридикалык жана техникалык деңгээлде иштеп жатат, башкача айтканда фронт-офис иштөөдө, ал эми бэк-офисти толук кандуу ишке киргизүү максатында көрсөтүлүүчү кызматтарга талдоо жүргүзүлүүдө. 


Натыйжада, биз учурдагы тутумду эффективдүү иштөөгө түртүп, чыныгы сервистик тейлөөнүн моделин бардык аймактарга жеткиребиз. 


Ишкерлерди тейлөө борбор 2021-жылдын ноябрында ишке киргизилген. 


Мындан тышкары, ишкердикти өнүктүрүүгө жана ишкерлердин статусун жана беделин жогорулатууга кошумча түрткү берүү үчүн Министрлер Кабинетинин “Ак ниет ишкерлердин реестрин жүргүзүү жөнүндө Жобосу бекитилди. Муну менен реестрге кирген Ак ниет ишкерлерге бир катар жеке жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды киргизүү сунушталган.


Ошондой эле бул концепциясынын алкагында КР Эмгек сиңирген ишкери наамы жана аларга кызматтык паспортторду алууга укук берүү сунуш кылынып, Президенттин Администрациясынын кароосуна киргизилди. 


Ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Министрлик тарабынан КР Башкы прокуратурасынын Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча башкармалыгы жана Бизнес-омбудсмен институту менен тыгыз кызматташтык ишке ашырылууда.


Атап айтсак, бүгүнкү күндө ишкерлердин кайрылууларынын негизинде прокуратура органдары тарабынан ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө чөйрөсүндө 173 текшерүү жүргүзүлгөн, алардын натыйжасында 408 тартип бузуулар аныкталган, аларды четтетүү боюнча 178 прокурордук чара көрүү актылары берилген, берилген актылардын негизинде 107 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.


Ал эми Бизнес-омбудсмен институту тарабынан 2022-жылы мамлекеттик органдардын 

дарегине 5 чара көрүү актысы жөнөтүлгөн, алардын ичинде ишкерлердин укуктарынын бузулушун четтетүү жана системалык мүнөздөгү проблемаларды четтетүү боюнча сунуштар камтылган.


Аталган институттун жардамы менен компаниялар 171 миллион 262 миң сом же 2 миллион АКШ долларынан ашык сумманы кайтарып ала алышты. 


Экспортту өнүктүрүү чөйрөсүндө, Ички рынокту толтуруу жана азык-түлүк коопсуздугун 

камсыз кылуу максатында үч иш-чаралар пакети кабыл алынган, алардын ичине Евразия экономикалык бирликтин 11 чечими кирген. Бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча убактылуу негизде алып келүү бажы алымдарынын ставкалары бардыгы болуп 1310 товардык позиция боюнча тарифтик жеңилдиктер берилди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча - 520 позиция (азык-түлүк товарлары, тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн сырьелук товарлар, жеңил өнөр жай продукциясы, фармацевтикалык продукциялары) нөлгө түшүрүлдү.


Финансалык ресурстарга жеткиликтүүнү камсыз кылуунун алкагында айыл чарба продукциясын кампага сактоочу товардык кампалардын жана кампа күбөлүктөрүн колдонууга укуктук база түзүлүп, учурда жалпы аймактар боюнча 16 кампа күбөлүгү берилди. Муну менен дыйкандар түшүмүн кепилдикке коюп, насыя ала алышмакчы. 


Кыргыз Республикасынын бизнес-долбоорлорунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана “ачкычка чейин” долбоорлорун терең комплекстүү иштеп чыгуунун эсебинен потенциалдуу инвесторлордун кредиттик тобокелдигин азайтуу үчүн Долбоордук кеңсе түзүлдү. 


Бүгүнкү күндө координациялык кеңеш тарабынан өнүктүрүү институттарына каржылоо үчүн 3 долбоор жактырылып, өткөрүлүп берилди, дагы канаттууларды өстүрүү, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү чөйрөсүндө 4 долбоор, Бишкекте медициналык борбордун курулушу, спорттук комплекстердин курулушу, химиялык өнөр жайдагы тармактарында 10 долбоор иштелип чыгууда жана марттын аягына чейин даярдалат. 

          

Ошондой эле белгилеп кетсек, министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган 20 бизнес долбоорлордун шаблондору жайгаштырылып шаблондордун санын 100 үлгүгө жеткирүү пландаштырылууда. 


Экономикалык жаңы тармактарды стимулдаштыруунун алкагында.

Оюн-зоок жайларынын ишинин укуктук негиздери түзүлүп, бүгүнкү күндө букмекердик ишмердикти жүргүзүүгө 4 лицензия берилди, ушул 4 лицензиядан бюджетке 42 млн.сом түштү.

Маалымат үчүн:

1 лицензия үчүн 10,5 млн. сом өлчөмүндө алым белгиленген.

          

Ал эми казинонун оюн ойнолуучу үстөлү үчүн салыктын өлчөмү жүргүзүлгөн анализдердин негизинде кайрадан каралып жатат .


Мындан тышкары, “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзамын аткаруу алкагында 

          - Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо;

          - Креативдүү индустриялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө Жобо;

          - Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн Тизмеси иштелип чыкты.


Ушул жылдын биринчи кварталынын аягына чейин Креативдүү индустриялар паркын толук ишке киргизүү пландалууда. Паркка өзгөчө шарттар жана атайын салык режими берилет.

Маалымат үчүн: 

КНС (НДС) жана сатуудан салыктын ордуна резидент квартал сайын киреше салыгын төлөйт (0,5% - 2023 жана 2024, 1% - 2025 жана 2026, 2% - 2027), иш берүүчү - камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 15 жылга бошотулган (иш берүүчүгө колдонуудагы ставка – эмгек акынын 17,25%);кызматкер- камсыздандыруу төгүмдөрүн 12% ставкасын төлөйт (кызматкерге колдонуудагы ставка – эмгек акынын 10%).


Ошондой эле, IT чөйрөсүнөн адистерди тартуу жана жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн, ошондой эле Азербайжан жана Молдова жарандары үчүн “Санариптик көчмөн” статусун берүү боюнча онлайн портал ишке киргизилди.


Бүгүнкү күндө “санариптик көчмөн” статусу 1 049 адамга ыйгарылган.

Маалымат үчүн:

2022-жылдын 29-сентябрынан 2023-жылдын 10-февралына чейин “санариптик көчмөн” статусун алуу үчүн 2799 арыз берилген, алардын ичинен:

1049 адамга берилди;

1528 арыз ээсине берүүдөн баш тартылган;

207 арыз жокко чыгарылды (туура эмес жана кайра берилген арыздар);

УКМК тарабынан ырасталгандар ( акыркы тастыкталышын күтүп жатышат) - 2 адам:

1 адам - Эмтсоим тарабынан арыздарды иштеп чыгууну күтүп жатат;

УКМКда 12 арыз каралып жатат.

Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборунда катталып "”санариптик көчмөн” статусуна 22 жеке ишкер ээ болду. 


Мындан тышкары, сиздерге белгилүү болгондой, «Бир айыл – бир продукт» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун максаты бул жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө басым жасоо менен чакан бизнестин туруктуу моделин жайылтуу болуп саналат.


Акыркы 6 жылдын ичинде долбоордун аркасынан жергиликтүү өндүрүүчүлөр 167 экспорттук контракттарды түзүштү, алардын жалпы суммасы 238 млн. сомду түзгөн.


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык облустарынын регионалдык товар өндүрүүчүлөр долбоорго катышууда.


Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн алкагында министрлик тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоору менен биргеликте максаттуу револьвердик фонд түзүлүп, 508 миң АКШ доллары суммасында насыялык продукт иштелип чыгып, өнөктөш финансылык уюмду тандоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Жыйынтыктап айтканда, биз жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу үчүн жаңы мамилелерди ишке киргизип жатабыз, бирок бүгүнкү күндө ишкердик ишти жүргүзүү шарттарынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ишкердик чөйрөнү колдоо саясатына жаңы толуктоолорду   киргизүү зарылчылыгы турат. 


Ушуга байланыштуу бизнес – чөйрөнү өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу үчүн мамлекет менен бизнестин ортосундагы социалдык келишим болуусуна түрткү берчү “2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү Программасынын” долбоору иштелип чыкты. 


Бул Программанын концепциясы принциптер аркылуу түзүлүп, 6 принцип аркылуу негизделди, булар:

-Өз ара байланыш принциби - мамлекеттин жана бизнестин өз ара жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган;  

-Соода жана өндүрүштүк мамилелердин байланыш принциби - дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө жана жогорулатууга багытталган;

-Инновация принциби - узак мөөнөттүү келечекте атаандаштык артыкчылыктарын бекемдөөгө багытталган; 

-Экологиялуулук принциби - айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоону, жаратылышка аяр мамиле кылууну карайт;

- Теңдик принциби - социалдык адилеттүүлүккө жетишүүгө багытталган (адамдык багыт);

- Өнүгүү коопсуздугунун принциби - тышкы жана ички чөйрөнүн терс таасирине каршы туруу.


Аталган Программада каралган демилгелер ишкерлердин чөйрөсүн системалуу жакшыртууну жана эл аралык рейтингдерде КР көрсөткүчтөрүн жогорулатууну камсыз кылат,- деп сөзүн жыйынтыктады А.Үсөнбекова

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу