2023-жылдын январь-март айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс-маалымат

Новости
12-Апрель 2023-ж.
1966

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча 2023-жылдын январь-март айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 183,8 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 104,6%ды (2022-жылдын январь-март айларында- 103 ,1%) түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды түздү (2022-жылдын январь-февралында - 103,8%). ИДПнын дефлятору 118,5% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 7,5%га, айыл чарбасында - 1,9%га, курулушта - 2,4%га, тейлөө чөйрөсүндө - 4,1%га өскөн.

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28,1%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 50,7%ды түздү.

2023-жылдын январь-март айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 92,5 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 7,6%га өскөн.

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө оң салым 1,5 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 18,3%ды түздү.

2023-жылдын январь-март айларында 36,5 миллиард сомдук айыл чарба продукциясынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Реалдуу өсүү темпи 101,9%ды, анын ичинде мал чарбасы 101,9%ды, өсүмдүк өстүрүү 101,2%ды түздү.

2023-жылдын январь-мартында айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүндө мал чарбасы 96,7%, өсүмдүк өстүрүү 2,3%, токой чарбасы 0,1%, балык чарбасы 0,1% жана кызмат көрсөтүү 0,8%ды түздү.

2023-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 16,1 млрд сомду түзүп, 3,5%га өстү.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 103,2%ды түздү (2023-жылдын январь-марты өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2023-жылдын январь-мартында) 112,7% түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалган. Мында баанын максималдуу өсүшү (6,1%) Нарын облусунда катталган, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүшү (5,9%га) менен шартталган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында февраль айына салыштырмалуу баа гречка акшагына (6,3%ке), куюлган сүткө (3,7%ке), жаңы жашылчаларга (3,2%ке), өсүмдүк майларына (2,8%ке), мал майларына (0,7%га), 1-сорттогу ун (0,4%ке) жана уй эти (0,2%ке) төмөндөгөн.

Баанын өсүшүнө төмөнкү факторлор таасир эткен:

- тамак-аш азыктарынын дүйнөлүк наркынын олуттуу өсүшү;

- глобалдык жеткирүү чынжырларындагы көйгөйлөрдүн көрүнүшү;

- энергетикалык ресурстарга дүйнөлүк баалардын өсүшү;

- туруксуз геосаясий кырдаал;

- негизги өнөктөш өлкөлөрдө инфляциянын тездеши;

- калктын инфляциялык күтүүсүнүн өсүшү.

2023-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык эмгек акы 30 093 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,4%га өстү, ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 23,0%га өстү.

2023-жылдын январь-февраль айларында тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 1717,6 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 22,7%га, товарлардын экспорту 255,6 миллион долларды түзүп, 2,2%га өстү, ал эми товарлардын импорту 1462,0 млн долларды түзүп, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 27,2%га өскөн. Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү экспорттук берүүлөрдүн да, импорттук түшүүлөрдүн да өсүшү менен камсыз кылынды. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 14,9%ды, импорттуку 85,1%ды түздү.

2023-жылдын январь-февраль айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 11,0%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6%) жана Казакстанга (35,5%) туура келген.

Онлайн кайрылуу