Кызмат көрсөтүү тармагы жогорку өсүш темпин көрсөтүүдө

Новости
19-Январь 2024-ж.
2097

Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүү сектору мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлейт (50%дан ашык).

Акыркы үч жылда бул сектордогу реалдуу өсүш темпи орточо 6,6%ды (2021-106,9%, 2022-106,8%, 2023-106,2%) түздү, бул 2020-жылы 7,9%га кескин төмөндөөдөн кийин кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү туруктуу экономикалык жигердүүлүктү жана калыбына келтирүүнүн жогорку өсүү темптерин көрсөтөт.

2023-жылдын январь-декабрында Улутстаткомдун алдын ала маалыматы боюнча тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 1005,0 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 7,3%га өстү. Экономикалык өсүштүн деңгээлин түзүүгө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн салымы эң чоң жана 3,14 пайыздык пунктка бааланган.

Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун структурасында эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 35,0%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 8,0% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары - 9,9% ээлейт. Мындан тышкары, бул тармактын негизги сегменттери билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр, мейманкана жана ресторандардын иши, маалымат жана коммуникациялар, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, жалданма жумушчулар менен жеке үй чарбасы сыяктуу кызматтардын башка түрлөрү болуп саналат. 

Бул багыттарды өнүктүрүү калктын кирешесин жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести кеңейтүү, ошондой эле санариптик технологияларды интеграциялоо менен колдоого алынат. Калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40%дан ашык өстү. Мында 2023-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 32142 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,6%га өстү, ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эсепке алганда 8,6%га өстү. пенсиянын орточо өлчөмү 19,5%га, ал эми айлык, социалдык жөлөкпул 2 эсеге көбөйгөн.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу чектөөлөрдү олуттуу жеңилдетүү импорттук операциялардын көлөмүн калыбына келтирүү болуп саналат, ошондуктан 2022-жылы импорттун көлөмү 1,7 эсеге, 2023-жылдын 11 айында товарлардын импорту 27,2%га өскөн. Берилген микрокредиттердин 47,8% керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына багытталган. Бул факторлордун баары өз кезегинде ички суроо-талапткаколдоо көрсөтөт.

Ошого жараша дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү, транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо көбөйгөнө.

Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун дүң продукциясынын көлөмү 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 115,5% өсүү темпи менен 351,7 млрд сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү негизинен дүң сооданын көлөмүнүн 23,0%га жана чекене сооданын 10,9%га өсүшү менен шартталган.

2023-жылга транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 80,5 млрд сомду түзүп, 7,3%га өстү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 51,0 млн тонна ар кандай жүк ташылып, 2022-жылга салыштырмалуу 15,3%га көбөйдү, ал эми республиканын ташуучулары тарабынан 574,7 млн жүргүнчү же 2022-жылга салыштырмалуу 9,1%га көп ташылды.

Мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү жылдын жыйынтыгы боюнча 123,0% өсүү темпи менен 43,3 млрд сомду түздү. Отчеттук жылы дээрлик бардык курорттук, эс алуу жана туристтик объектилер толук режимде иштешти.

Туристтик сезондун ачылышы менен авиакомпаниялардын каттамдары көбөйдү. 2023-жылы Кыргыз Республикасы Түштүк Корея, Кытай, БАЭ жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөргө 7 жаңы түз аба каттамдарын ачты.


Онлайн кайрылуу